Бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына арналган “Кадыр-баркың бийик болсун эне тил” аттуу майрамдык салтанат өттү.
Майрамдык иш-чарада МФКнын директору Мухтабар Нурманбетова жалпы жамаатты мамлекеттик тил майрамынын 34 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Кечеде студенттер кыргыз тилинин гимнин хор ырдашты. Колледждин таланттуу студенттери кыргыздын улуттук өнөрүн тартуулап, кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырларды, сахналык коюмдарды аткарышты.
Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу ыкмалары, көп тилдүү билим берүү маселелери боюнча баяндамалар орун алды.
Кечени МФКнын кыргыз тили мугалими Мендибаева Н.М., уюштурду.